Connect with us

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 225 | 0

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Александр Настаев кызматынан бошотулду. Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин дагы бир тескемесине ылайык, авиация агенттигине Данияр Бостонов жетекчи болуп дайындалды.

Данияр Бостонов 36 жашта. Анын эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар аз.

Буга чейин «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасында улук диспетчер болуп иштегени айтылат. Ал бул кесипке келгенде Кыргызстандагы эң жаш авиадиспетчер болгон. Бостонов авиациялык окуу жайын, кийин Санкт-Петербургдагы Жарандык авиация академиясын бүтүргөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM