14-апрелден 17-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 72-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.