Connect with us

Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугу чыкты

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 403 | 0

Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугу жарык көрдү. Китеп президенттин жарлыгынын негизинде Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият  институтунун  окумуштуулары тарабынан түзүлүп, редакцияланды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын колдоосу менен басылып чыккан. Чыгармалар топтомуна жазуучунун аңгемелери, повесттери, романдары, эскерүүлөрү, публицистикалары камтылган.

Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин байытууга үндөгөн. Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын кызмат кылган.

Жазуучу 1912-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. XX кылымдагы кыргыз адабиятында реалисттик прозанын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM