Connect with us

Кемпир-Абад иши. Клара Сооронкулова үй камагына чыкты

Кыска кабар | 12 Апр 2023 | 295 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан юрист, активист Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Сооронкулова журналисттерге иштин жагдайы жана өзүнө карата чыккан соттун чечими боюнча комментарий берүүдөн карманды.

Клара Сооронкулова февраль айында ооруканага жаткырылып, ага операция жасалган. Кийин кайра абакка которулган.

Массалык башаламандыкка шектелип камалган активист Чыңгыз Капаров 11-апрелде ооруканага жаткырылды.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча былтыр 23-октябрда кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM