Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 8-апрелде түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13 градус.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +18…+20 градус болот.