Биз менен байланышыңыз

Көчөдө кайыр сурагандарга, жарамазан айткандарга айып салынат

Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 521 | 0

Милициянын кайгуул кызматы буга байланыштуу «Кайырчы» рейдин өткөрүшөрүн кабарлады. Рейддин башкы максаты жол коопсуздугуна кам көрүү, кырсыктарды болтурбоо болуп саналат.

Кайгуул кызматтын айтымында, жолдун чок ортосуна туруп алып, ары-бери өткөн айдоочулардан кайыр сурагандар көп болууда. Ошол эле учурда орозо башталганы көчөгө чыгып жарамазан айткандар көбөйдү. Алардын кесепетинен кырсыкка учуроолор да көбүрөөк кездеше баштады.

«Кайырчы» рейдинин жүрүшүндө өзгөчө жолдун кыймылдуу бөлүгүндө кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат.

Кайгуул кызматы унаа кыймылына тоскоолдук жараткандарга карата «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 190-беренесине ылайык миң сом өлчөмүндө айып салынарын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM