Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Кытай Компартиясынын саясий бюросунун мүчөсү келди

Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 289 | 0

Бүгүн, 30-мартта Бишкек шаарына Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин cаясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Париялык кемитетинин катчысы Ма Синжуй келди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев тосуп алды.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулар, ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык жана региондор аралык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM