Биз менен байланышыңыз

«Шамил Ибрагимов министрдин кеңешчиси болгону тууралуу расмий кагаз жок»

Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 231 | 0
Сүрөт: Гуля Алмамбетова

«Сорос-Кыргызстан» фондунун мурдагы аткаруучу директору Шамил Ибрагимов билим берүү жана илим министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгону тууралуу расмий кагаз жок экенин аталган министрликтин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков билдирди.

«Шамиль Ибрагимовдун министрдин кеңешчиси болгону тууралуу эч кандай расмий кагаз жок, бирок билим берүү тармагына салым кошсом деп жүргөн элибиздин патриот уулдарынан экенин билем», — деди ал.

Шамил Ибрагимов билим берүү министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгонун өзү «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, кеңешчи болуу сунушу алардын биргелешкен жыйынында билим берүү министри Каныбек Иманалиевден түшкөн.

Мындай маалыматты министрдин дагы бир кеңешчиси Гуля Алмамбетова да Твиттер баракчасына жазган.

Шамил Ибрагимов 2023-жылдын 1-январында «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору кызматынан кеткен. Ал 2012-жылдан бери фондду жетектеген.

Билим берүү жана илим министри 6-мартта алмашып, экс-депутат Каныбек Иманалиев дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM