Connect with us

Жасалма ветеринардык дары жасаган адамдар кармалды (видео)

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 201 | 0

Жасалма ветеринардык дары-дармек өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган адамдар «бодо малдын ичиндеги мите куртту өлтүрөт» дешип, каттоодон өтпөгөн, тийиштүү сертификаты, уруксат кагаздары жок ишкана аркылуу техникалык стандаттары жана шарттары сакталбаган дарыларды жасашып, аны ветеринардык дарыканаларда сатып келишкен.

Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошумчаларын каттоо жана сертификациялоо департаменти изилдөө жүргүзүп, бул препараттар ветеринардык-санитардык, микробиологиялык, химия-токсикологиялык талаптарга жооп бербейт деп тапкан. Ошондой эле бул дарылар малдын кырылуусуна алып келип, өлкөдөгү эпизоотиялык абалга терс таасирин тийгизерин эскертишкен.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, атайын иликтөө жүргүзүлгөн. Анын негизинде ветеринардык препараттарды чыгаруучу цехтерден, кампалардан, дарыканалардан 300 кутудан ашык сапатсыз дары-дармек, ошондой эле аларды даярдоодо колдонулган чийки заттар, материалдар алынган.

Учурда тергөө тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү такталып, бул ишке тиешеси бар адамдарды иликтөө жүрүп жатат.

Тергөөнүн жыйынтыгында алардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM