Бишкектин айрым мектептеринде танапис убагын жана сабактын башталышын эскерткен коңгуроонун ордуна комуз күүлөрү жаңыра баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта бул аракет балдарды Мекенди, элди-жерди сүйүүгө, патриот болууга, түп башатын унутпоого үндөө максатын көздөй турганы, патриоттуктун бир белгиси улуттук музыканы сүйүп угуу болуп саналары айтылат.
Бишкек шаарындагы №3, №51, №93, №95, №96, №97, №99, №100 мектептерде Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насирдиновдун, Закирбек Дүйшөнбековдун күүлөрү жаңырууда. Алар бул аркылуу окуучулардын кыргыз маданиятын, тарыхын, каада-салтын тереңден билип, кызыгуусун арттырууну көздөшөрү белгиленген билдирүүдө.
Программа Президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас имараттарын сактоо, изилдөө жана жайылтуу иштерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» жарлыгынын негизинде ишке ашырылган.