Мурат Осмонов Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Буга чейин бул кызматта Бактыбек Абдиев иштеп келген.
Осмонов Улуттук статистикалык комитеттин «Интеллектуалдык маалымат борбору» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары, ага чейин Бишкектин Свердлов жана Ленин райондорунун акими болуп иштеген.