Биз менен байланышыңыз

Депутат катышкан мушташка тиешеси бар делип, эки жаран кармалды

Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 197 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров аралашкан мушташка тиешеси бар делип, эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, ресторанда таяк жеп Улуттук госпиталга түшкөн жаран арыз жазган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, шектүү катары 34 жаштагы жана 35 жаштагы эки адам кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

12-марттын кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде мушташ болгону тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Андагылардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени айтылган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү мушташ Бишкектеги «Золотой дракон» ресторанында болгонун, ага депутат Жаныбек Абиров да катышканы тастыкталганын, учурда иликтөө башталганын билдирген.

Президент депутат катышкан мушташты иликтөөнү тапшырды (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM