Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги бири катар соода түйүндөрүндө жана базарларда иштеген соодагерлер Горький аянтына нааразылык акциясына чыгышты.
Алар Салык кызматы киргизген товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүнө (ЭТТН), көзөмөл-кассалык аппараттарга (ККМ) нааразылык билдирип, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин талап кылышты. Ишкерлер чекене соода үчүн патент системасын калтырууну суранышууда.
Товар жүгүртүү менен алектенген ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тарта Салык кызматынын маалыматтык системасына катталып, электрондук түрүн колдонууга милдеттүү.
Каттоодон өтүү Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу ишке ашырылат. Анын артыкчылыгы ыкчам аткарылып, ишкерлерге контрагенттер менен бир канча мүнөттүн ичинде электрондук документ алмашууга мүмкүндүк берет.
2022-жылдын 15-майынан тарта мунай жана мунай заттарды, товар жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тарта Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр бул ыкманы колдонуп жатышат.
Сүрөттөр интернеттен алынды.