Connect with us

Дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык экинчи орунду алды

Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 1280 | 1

Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык Мухаммадяр Курбанбеков экинчи орунду алды.

Муфтияттын маалыматына караганда, жарышка 80 өлкөдөн карылар (Куран жаттагандар) катышты. Конкурстун алгачкы туру онлайн болуп, финалга 33 өлкө өткөн.

Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Аятулла Саййид Ибрахим Раиси катышты.

Дүйнөлүк жарышта биринчи орунда Иран, экинчини Кыргызстан жана үчүнчүнү Ливан өлкөсүнүн катышуучусу утуп алды.

Мухаммадяр Курбанбеков учурда Бишкек шаарындагы Ак-Мечит шаарынын имам-хатиби, «Куран ордо» диний уюмунун жетекчиси.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM