Connect with us

«Россельхознадзор» Кыргызстандагы балык чарбаларын көрүү үчүн келет

Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 296 | 0

Кыргызстанга балык чарбаларын текшерүү үчүн Орусиянын көзөмөл кызматынын өкүлдөрү чакырылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Өткөн жумада форель балыгын жана анын икрасын Орусияга экспорттоого убактылуу тыюу салынганы белгилүү болгон.

«Россельхознадзор» Кыргызстандын Ветеринардык кызматына Орусияга жөнөтүлгөн форелди жана икраларды сертификациялоону токтотуу өтүнүчү менен кайрылган. Анда Кыргызстандан барган балыкта тыюу салынган зыяндуу заттар бар экени, алар уруксат берилген чектен өтө эле ашып кеткени айтылган.

Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков балык тармагы жылдан жылга өсүп жатканын белгилеп, жакында Кыргызстандан алып барылган балыктан антибиотиктер табылганын ырастаган. Анын маалыматында балык азыктарын экспорттогон тогуз ишканага тыюу салынган.

Аскарбек Жаныбековдун маалыматына караганда, 2022-жылдын аягына карата Кыргызстанда 292 балык чарбасы бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM