Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кадамжай районунда 1 млн долларлык аткез товарлар аныкталды

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 389 | 0

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында, 3-февралда Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз жол менен товар алып кирүү фактысы катталды.

Күч органы 20 даректе тинтүү иштерин жүргүзгөн, анын натыйжасында Кыргызстандын жарандары Э.Ш.Н., А.Н.А., С.С.А. жана А.Т.К.га тиешелүү даректерде 4377 телевизор, 3162 уюлдук телефон, 308 куту акцизсиз тамеки, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна түстүү металл (жез), 11 220 АКШ доллары жана 504 000 сом накталай акча, ошондой эле баасы 1 млн долларга жакын башка керектөө товарлары алынган.

Учурда товардын баасын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тиешелүү тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM