Connect with us

Ноокен районунда жаңы төрөт үйү ачылды

Кыска кабар | 19 Янв 2023 | 154 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районундагы төрөт үйүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имарат 50 орунга ылайыкталган жана 3 төрөт бөлмөсү, операциялык блок жана палаталарды камтыйт.

Мындан сырткары Жапаров «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, ошондой эле ишкананын жаңыланган профилакторийинин ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, жыл ичинде аталган профилакторийде «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 800дөн ашуун кызматкери дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM