Быйылкы жылдын 20-январынан тарта «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Манас» аэропортунан Татарстандын борборуна учуулар жумасына 1 жолу –жума күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул багыт «Уральские авиалинии» россиялык авиакомпаниясы үчүн жаңы болуп саналат.
Учурда Бишкектен Казань шаарына Avia Trafic Company жана «Северный ветер» авиакомпаниялары жумасына 3 каттам аткарып келишет.