Мектеп окуучулары арасында өтө турган математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча улуттук олимпиаданын I этабы 21-январда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Улуттук олимпиада төрт этап менен өткөрүлөт:
I этап – январь (онлайн режимде),
II этап – февраль (онлайн режимде),
III этап – март (офлайн режимде),
IV этап – апрель (офлайн режимде).
Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш. Ошондой эле окуучуларга улуттук олимпиадага жана республикалык олимпиадага да катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
1 пикир