Connect with us

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 324 | 0

Министрлер кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынды.

Эгер ташылган акча коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат. Чечимдин аткарылышын Чек ара кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы көзөмөлдөйт.

Улуттук банк 14-15-январда мониторинг жүргүзүп, банктарда жана акча алмашуу бюролорунда накталай чет өлкө валютасы кардарларды эсептик-кассалык тейлөө үчүн жетиштүү экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM