Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жаңы көз жарган 19 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Келин медициналык мекемеде каза болгон эмес. Азыркы учурда окуянын чоо-жайын териштире турган атайын комиссия түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын кызматтык комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.