Марал Радиосу

Төрөттөн кийин каза болгон келиндин өлүмү боюнча комиссия түзүлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жаңы көз жарган 19 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Келин медициналык мекемеде каза болгон эмес. Азыркы учурда окуянын чоо-жайын териштире турган атайын комиссия түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын кызматтык комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version