Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы «Тазалык» муниципалдык ишканасына Рамиз Алиев жетекчи болуп дайындалганын кабарлады.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Ал буга чейин «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштеген.
Шаардыктардын нааразычылыгына байланыштуу былтыр июль айында «Тазалык» ишканасынын жетекчиси алмашып, Султан Алыбаевдин ордуна Нурлан Касымов дайындалган эле.