Биз менен байланышыңыз

Марокконун падышасы футболчуларды апалары менен бирге кабыл алды (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2022 | 4372 | 0

Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында төртүнчү орунду алган Марокко курама командасын өлкөсү салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Маалыматка ылайык, Марокконун падышасы Мухаммед VI улуттук курама команданын оюнчулары жана алардын апалары менен жолугушту. Кабыл алууда Мухаммед VI оюнчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Марокконун борбору Рабат шаарында Валид Реграгуи жетектеген Марокконун улуттук футбол командасы ачык автобус менен шаардын көчөлөрүн аралап, чогулган он миңден ашык адамдар менен майрамдашты.

Мындан тышкары, курама команда дүйнө чемпионатынан төртүнчү орун үчүн алган 25 млн доллардын баарын кайрымдуулука которгону белгилүү болду.

Марокколуктар дүйнө чемпионатынын тарыхында турнирдин жарым финалына чыккан биринчи африкалык команда болуп калды. Ошондой эле, ар бир беттештен кийин жеңиштерин апалары менен белгилеген футболчулар дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бурган болчу.

Буга чейин бул континенттин командаларынын эң мыкты жыйынтыгы чейрек финалдык оюндар болгон.

Үчүнчү орун үчүн беттеште Марокко курамасы Хорватияга 2:1 эсебинде утулуп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM