Биз менен байланышыңыз

Жапонияда 2 метр кар жаады (Видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 717 | 0

Кечээ, 19-декабрда Жапонияда калыңдыгы 2 метр болгон кар жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Калың жааган кардан улам электр зымдары үзгүлтүккө учурап 16 миңдей үй жарыксыз калды. Уюлдук байланыштарда дагы  үзгүлтүктөр орун алды.

Жапониянын Ниигата аймагынын жолдорунун биринде 800гө жакын унаа жолдо калып, жол тыгыны 20 километрге созулду.

Эртең менен куткаруучулар унаалардын жарымына жетпегенин кар алдынан алып чыгууга үлгүрүштү.

Кардын калыңдыгы Ямагатада 229 сантиметрге, Аомориде 193, Ниигатада 170, Хоккайдодо 154, Фукусимада 148 сантиметрге чейин жеткен.

Өлкөнүн кээ бир аймактарында, эртең дагы катуу бороон болоору эскертилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM