Connect with us

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында 17 маселе каралат

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 206 | 0

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралат:

  • Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери жөнүндө;
  • Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоо жөнүндө;
  • Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал жөнүндө;
  • Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө;
  • 2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;
  • 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө;

2023-жылы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде төрагалык кылуучу мамлекет тарабынан Орусиянын аныктамасын караган Жогорку Кеңештин чечимин кабыл алуу пландаштырылууда.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Бишкекке келди.

Андан тышкары, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин келери күтүлүүдө. Ошондой эле жыйындын ишине катышуу үчүн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM