Биз менен байланышыңыз

Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 294 | 0

Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт. Бул тууралуу жыйында Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров билдирди.

«Борбордук шайлоо комиссиясы Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын шайланган президенти катары каттады. Шайланган президенттин ант берүү күнү 26-ноябрга белгиленген”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев 81,31% добуш менен (6 млн 456 миң 392 адам) жеңишке жетти.

Казакстан: «тандоосуз» шайлоо, күтүлгөн жыйынтык

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM