20-ноябрда өткөн Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоодо өлкөнүн учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев 82% добуш менен утуп чыкты. Серепчилер бул күтүлгөн жыйынтык болгонун айтышат. Токаевдин атаандаштары саясатта анчейин байкалбаган жүздөр жана шайлоого эки ай калганда катталышкан.
Талдоочулар Токаев чыныгы атаандаштары чыга электе же өлкөдө нааразылык күчөй электе жеңишин камсыз кылуу үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрдү деп эсептешет.
Казакстанда 20-ноябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоого жалпы алты талапкер ат салышып, алардын бешөөсүн көпчүлүк шайлоо өнөктүгүндө гана тааныганын айтып жатышат. Алар шайлоого эки ай калганда гана талапкер катары каттоодон өтүшкөн.
Өлкөнүн учурдагы президенти Касым Жомарт Токаевден сырткары беш талапкердин экөөсү аял кишилер; бири Астана Маслихатынын депутаты Каракат Абден болсо, экинчиси укук коргоочу Салтанат Турсынбекова болду. Абден 2,84%, Турсынбекова 2,24% добушка ээ болушкан.
Алардан сырткары, “Айыл” партиясынан көрсөтүлгөн Жигули Дайрабев 3,68%, экономист Мейрам Кажыкен 2,62%, демократтар партиясынын талапкери Нурлан Ауесбаев 2,38% добуш алып, баарына каршылар 4,22%ды түзгөн.
12 миллионго жакын шайлоочунун 8,3 миллиону, же 69,43%ы катышканы кабарланды.
Шайлоо учурунда Казакстандын айрым шаарларында “адилеттүү шайлоону” талап кылган акциялар өтүп, полиция ондогон адамдарды кармады. Байкоочулар жанан журналисттер шайлоо маалында бир катар мыйзам бузуулар коштолгонун айтып чыгышты.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын мүчөсү Нуржигит Кадырбеков, коңшу өлкөдөгү президенттик шайлоого түркиялык жана азербайжандык кесиптештери менен байкоочу катары катышты. Ал шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар байкалбаганын айтты.
“Бизде Астана шаарында гана болуп, ушул жердеги бир нече шайлоо участкаларына баруу мүмкүнчүлүгү гана болду. Биз барган учурларда мыйзам бузган учурларды байкаган деле жокпуз. Байкоочуларды бир тарапка отургузуп, журналисттерге дагы атайын орун берилиптир. Бизде мурда добуш бергендей эле, өзүн тизмеден таап, анан добуш берүүгө болот экен. Биздин Кыргызстанда биометрикалык каттоо аркылуу, атайын жабдыктар менен электрондук добуш берүү болот эмеспи. Бул жакта андай технологиялык жаңылык кире элек экен. Балким, региондордо абдан көп келгендир, бирок шаарларда биз ойлогондон азыраак адам келгенин байкадык”, — деп билдирди Кадырбеков.
Кыргызстандан эл аралык байкоочу катары барган Адил Турдукулов да одоно мыйзам бузуулар болбогонун билдирди. Ал бул шайлоо таза жана адилетүү өттү деген пикирде.
“Шайлоочулар шайлоо участкаларына келүүгө кызыкдар экенин көрдүк. Көбүнчө “Токаевди шайлоо” эмес “өзүңөрдүн жарандык позицияңарды билдиргиле, конституциялык укугуңарды колдонгула” деген таризде үгүт кампаниясы жүргүзүп жатты. Азыркы бийлик легитимдүүлүккө кызыкдар экенин байкаса болот. Жалпысынан адилетүү жана ачык эле өттү деген ойдомун. Бирок казак кесиптештерге айттым, Кыргызстандагыдай биометрикалык система киргизилсе, шайлоонун жыйынтыгында шек жаралбайт. Анын жыйынтыгын ички күчтөр дагы, эл аралык коомчулук дагы тааныйт деген пикирдемин”, — дейт Турдукулов.
Турдукулов Токаев буга чейинки шайлоодо 70% добуш алган болсо, бул жолу көбүрөөк элдин ишенимине кирип 82% добушка ээ болгонун кошумчалап, муну элдин стабилдилүүккө умтулуп жатканы менен байланыштырды.
Касым-Жомарт Токаев шайлоого катышкан 8,3 миллион жарандын 82 пайызын, же 6,8 миллион шайлоочунун добушун алды. Жергиликтүү жана эл аралык талдоочулар бул көрсөткүч авторитардык режим өкүм сүргөн өлкөлөрдө болорун айтып, андагы атаандаштыктын жоктугу да күмөн жаратып жатканын айтууда.
Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Токаевдин күтүүсүздөн чыгарылган чечими анын бийликти легитимдештирип алуу аракети катары кароого болорун айтат. Ал Казакстандагы азыркы абалды “жумшак авторитаризм” деп атады.
Качкынбайдын пикиринде, капыстан жарыяланган президенттик шайлоого жаштар даярдана албай калды. Токаевден башка татыктуу талапкер жок болуп, “тандоосуз” шайлоо өттү.
“Шайлоо түркмөн вариантындай болуп 90% болбой, 80% менен өттү. Бул кантсе дагы “жумшак авторитаризм”, бул күтүлгөн эле жыйынтык болчу. Шайлоо чукул жарыяланып, тез арада өткөн үчүн альтернативдүү күч чыкканга жетишкен жок. Анан буларга негизинен январь окуясы сабак болду деп ойлойм. Анткени, Назарбаевдин орду пайгамбардын ордундай эле болуп калды эле, эч кимди көзүнө албай. Казакстан деген бир хандын өлкөсүнө айланып калган болчу. Токаев ошого мыйзамга өзгөртүү киргизип, хан болуп кетпей, ким келсе дагы 7 жылга, бир мөөнөткө шайлансын деп, биздин мурдагы жолго түштү”, — дейт Качкынбай.
Ал эми коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов Токаевдин жеңиши жогорку пайызда болгону менен коңшу өлкөдө өзгөрүүлөр болорунан күмөн санайт.
“Өзгөрүүлөрдү күтпөй эле коюш керек. Бүгүнкү күндө Токаевдин рейтинги жогору. Бирок 82% болбошу керек эле. Бул ашырып жиберди дегенди билдирет. Эгерде ушундай эле позициясы күчтүү болуп, өзүнүн жеңиши чын эле 82% боулп аткан болсо, анда анча-мынча митингге чыккандарды камабашы керек эле да”, — дейт Маматокторов.
Токаев шайлоодон кийинки кадамдары тууралуу өзү добуш бергенден кийин журналисттерге маек берип, башталган саясий реформалар уланышы керектигин, парламенттик шайлоого чейин азыркы өкмөт иштей турганын айтты:
“Саясий реформаларды улантуу керек, антпесе терс көрүнүш орун алат. Мыйзам боюнча президенттик шайлоодон кийин өкмөт отставкага кетүүсү кажет эмес. Өкмөттүк өзгөрүүлөр парламенттик шайлоодон кийин толук жүргүзүлөт”
Касым Жомарт Токаев 2019-жылы Казакстандын 28 жыл башкарган биринчи президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин, кезексиз президенттик шайлоодо 70% добушка ээ болуп, бийлик тизгинин колго алган.
2022-жылдын башында Казакстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттаганына нааразы болгон эл көчөгө чыгып, өлкө боюнча ири митингдер башаламандыкка айланган. Анда 225 адам каза болуп, 5 миңдей жаран жарадар болгон.
Токаев бул башаламандыктарды “чет жактан келген 20 миң террорист” уюштурганын айткан.
Бирок эл аралык уюмдар бул окуяны көз карандысыз иликтөөгө чакырганына карабай, бүгүнкү күнгө чейин ачык экспертиза жүргүзүлө элек.
Казкстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда кезексиз президенттик шайлоо жарыялаган. Ал ага удаа парламенттик шайлоону 2023-жылы өткөрүүнү сунуштаган.
Конституцияга ылайык, президенттик шайлоо 2024-жылдын 1-декабрынан кеч эмес, ал эми парламенттик шайлоо 2025-жылы өтүшү керек болчу.
Бирок Токаев сентябрдагы кайрылуусунда президенттик мөөнөттү бир гана жолу шайлануу укугу менен 5 жылдан 7 жылга узартууну сунуштаган.
Буга чейин, июнь айында референдум өтүп, Конституцияны өзгөрткөн. Ага ылайык, президенттин укуктары кыскарып, парламенттин ролу күчтөнгөн.