Connect with us

Жапаров кийинки жылга 800 бала бакча ачыларын убадалады

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 574 | 0

Ош жана Бишкек шаарына ким бала бакча жана мектеп курам десе жерди бекер беребиз. Азыр эки шаардагы жерлерди инвентаризация кылып жатабыз. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бала бакча жана мектеп куруучуларга канализация, электр энергиясы жана суусу бекер алынып келинет.

«Мектеп менен бала бакчаны жеке ишкерлерге беребиз. Азыр эки шаардагы жерлерди мэрлерге бердик. 2023-жылдын 1-февралына чейин аныктап, анан конкурска чыгарабыз. Кийинки жылы Кыргызстан боюнча 800 бала бакча ачылат. Анын ичинде 560ы 3 саат иштейт. Анан 5 саат иштегени болот, тамак ичпей эле, мектепке даярданып, түшкө чейин окуп келишет. Эки смена менен иштеген 247 жаңы бала бакча ачканы жатабыз. Бизде мектепке чейинки балдардын саны 1 млндон ашык. Ошондуктан айылда чоң-чоң үйлөрдө бала бакча ачам дегендерге уруксат берип жатабыз. Жалгыз гана бизде окууга колдонуучу курал-жарактар жок экен, аны республикалык бюджеттин эсебинен беребиз», — деди Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле учурда өлкөдө мектеп жетишсиздиги өзгөчө көйгөй жаратып жатканын белгилеп, калктын саны өсүп жаткандыктан жылына Кыргызстан 24 мектеп жаңы салып турушу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM