Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги менен катар анын жоопкерчилиги да болушу керекгигин эскертти. Ал 15-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер» деп аталган тегерек үстөлдө парламент сөз эркиндигине кайдыгер карабай турганын билдирди.
Мындан тышкары, ар бир бийлик өзүнө ылайыкталган мыйзам жазбай, келечекте иштеп кете турган мыйзамдар жазылышы керектигин айтты.
«Мыйзам келечекке иштеши керек. Мен дайыма айтам, мыйзам эч качан бүгүнкү күндүн талабына ылайык эмес, келечекке карай жазылышы керек. Ар бир бийликтин өзүнө ылайыктаган мыйзамдын келечеги эч качан болгон эмес. Тескерисинче, анын терс көрүнүшү болгон» , — деди спикер.
Нурланбек Шакиев жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу сунушталган жаңы мыйзам долбоору парламентте да талкууланарын, сунуш-пикирлер эске алынарын кошумчалады. Өзү ар бир маселе боюнча позициясы бар экени жана талкуулоого даярдыгын билдирди.
Бишкекте «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору талкууланууда. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Чыңгыз Айдарбеков, Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Гуля Кожокулова, Президентинин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушов, АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев, президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, журналисттер жана юристтер катышууда.
Иш-чара Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, «Адилет» укуктук клиникасы жана Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы тарабынан уюштурулган.
Президенттин администрациясы жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылчылыгы учурдагы иштеп жаткан мыйзамдын эскирип калганы менен түшүндүрүлгөн.