Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине карата жасалган соңку кадамдардан улам, бүгүн 28-октябрда #КүчЧындыкта (#силавправде) хештэги менен масштабдуу маалымат кампаниясы башталат.
ЖМКга басым жасоого каршы багытталган бул акциянын алкагында бүгүн Кыргызстандагы эркин медиаларда Blackout Day жарыяланат. Тактап айтканда ушул күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин акцияны колдоп жаткан бардык медиаларда жаңылыктар чыкпайт. Ошондой эле бүгүн күн бою журналисттер мамлекеттик органдардан келген расмий маалыматтарды жарыялабайт.
Кыргызстандын медиа коомчулугу уюштуруп жаткан бул акция «Азаттык Медиасынын» сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө байланыштуу жарыяланууда.