Биз менен байланышыңыз

Блогер Атай Бейшенбектин үйүнө да тинтүү жүргүзүлдү

Кыска кабар | 23 Окт 2022 | 502 | 0

Укук коргоо органдары блогер Атай Бейшенбектин үйүнө тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу ал өзү кабарлады.

Бүгүн, 23-октябрда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканы  кабарланган.

ИИМдин маалыматына караганда, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматы боюнча, жалпы 18 активист жана саясатчынын үйү тинтилип, айрымдары милицияда сурак берип жатат.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова 48 саатка убактылуу кармоочу жайга кармалганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM