Биз менен байланышыңыз

24-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 23 Окт 2022 | 200 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18,

Талас облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +8…+13,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14,

Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +13…+15 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM