Бүгүн, 14-октябрда президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына, «Борбордук Азия +Орусия» саммитине катышат.
Жыйын түз эфирде УТРКдан Бишкек убактысы боюнча 12:30да башталат.
Бул иш-чарага Кыргызстандан барган расмий делегациясынын курамы:
— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;
– Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык жана башка органдарындагы туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов;
— КМШнын экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы өкүлү Айгүл Рыскулова;
— Башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов;
— Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.