Биз менен байланышыңыз

Баткен: Балдарга кам көрүлбөсө, согуштан алган стресси ооруга айланат

Пикирлер | 12 Окт 2022 | 1243 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында болгон 14-17-сентябрдагы куралдуу кол салуу учурунда, Баткен облусунан 140 000миңден ашуун жаран коопсуз аймактарга чыгып кетишкен. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Психологдордун айтымында балдардын күнүмдүк тартиби бузулуп, коркуу сезими күч болгондуктан бул балдар психикалык жактан жабыр тартып жаткан учуру. Дегеле согуш, жаңжал балдардын психологиялык абалына кандай таасир этери туурасында Баткендеги балдарга жеринен барып жардам көрсөтүп келишкен психолог Жакшылык Жыргалбеков, журналист Тургунбай Алдакулов “Учурдун балдары” программасында маек курушту.

-Чек арага жакын жайгашкан тургундардын психикалык абалына кандай баа бересиз? Айрыкча жаш балдардын абалы кандай?

-Психикалык абалы азыркы учурда ар кандай. Муну деген өзгөчө кырдаал деп белгилейбиз. Өзгөчө кырдаалда сөзсүз түрдө психикага доо кеткен деп эсептелинет. Биз топ болуп бөлүнүп Кадамжай, Айдаркен, Лейлек райондоруна эвакуация болгон калкка, балдарга психикалык жардам берүүгө барганбыз. Жалпы айтканда Арабаев, улуттук университеттин, Медициналык академиянын ,Адам университетинин практикалык жана илимий психологдору жеринде бир жума жардам берип келди. Ошонун негизинде биз жыйынтык чыгарсак болот, эвакуацияга алынган жарандар, көбүнчө балдар үчүн стресс болду. Муну балдар ар ким ар кандай көтөрдү, стресске каттуу кабылган балдарга жардам көрсөттүк. Андан сырткары балдар менен иштешүүдөн мурун, алардын ата-энелери менен иштешүүгө туура келет. Себеби ата-энелердин психикалык абалы балдарга да таасир берет. 8-9 жашка чейин балдар унутчаак болот, көп нерселерди унутуп калат. Эң көп Тажикстандын кол салуусу башталгандан кийин үйүнөн качып чыккан балдар көбүрөөк психикалык жактан стресс алды. Биздин кесиптин негизинде айталабыз, бул нерсе келечекте көптөгөн коркунучтуу нерселерге алып келет. Бул ооруга айланып кетип, өспүрүмдөр үчүн коркунуч жаратуучу жагдай. Ошону аныктап ошого жараша кеңештер берилди. Аларга психологиялык жардам берүү үзгүлтүккө учурабашы керек, себеби жабыркаган адамдардын психикалык абалын калыбына келтирүү үчүн бир топ убакыт талап кылынат.

-Баткендеги балдардын психикалык абалы боюнча кандай ыкмада иш алып бардыңыздар?

Жалпы алганда балдарды жаштарына ылайыктап, өспүрүм балдарды өзүнчө, кичинекей балдарды өзүнчө топ-топторго бөлүп алдык. Оюн аркылуу андан сырткары тренинг аркылуу, алардын көз карашы, ата-энесине карап эмоционалдык абалын байкадык. Көпчүлүгү кечинде жаман нерселерди түш көрүп, чочуп ойгонуп ыйлаганын айтышты. Бул нерселерди эске алып, биздин психологдор ар кандай ыкмаларды колдонушту.

Балдар биз чек арачы болобуз, дарыгер, мамлекеттик кызматкер болуп, мамлекетке кызмат кылабыз деген максаттарын айтты. Сүрөттөп бергенде ошол окуяга тиешелүү, патриоттук сезимдери күч экен. Өзгөчө кырдаалда жалгыз калып калган балдар үчүн аябай оор болду. Ал эми ошолорго канчалык кам көргөн сайын, балдарда биз коопсуз жерде экенбиз деген сезим пайда болуп баштайт. Бул нерседе тескерисинче чоңдор көбүрөөк стресске кабылышат. Себеби аларда бул нерсе дагы кайталанат, мындан аркы тиричилик кандай болот деген суроолор мээсинде тынбайт. Мындай нерсе өспүрүм балдарда да кездешип, алар өздөрүн чоң кишидей алып жүргөнү үчүн ойлоно баштайт. Биз менен чогуу врач-терапевттер барганы үчүн дары жагынан алар жардам беришти. Бул нерсени алар менен тыгыз байланыш түзүп, кайра-кайра текшерип туруш керек.

-Ушундай өзгөчө кырдаал учурунда качууга даяр болгон балдардын мүнөзү өзгөрүшү мүмкүнбү? Мунун терс жактары барбы?

Бардык нерсенин ак-карасы болгондой эле, бул нерсени өтө радикалдашып кетүүсү көйгөй жаратат. Бул жерде чоңдордун кандай түшүндүрүп берүүсү чоң ролду ойнойт. Кандай жерде Мекенди коргош керек, кандай учурда башка кишилердин укугун бузуп алардын жерине өтүп кетип жатабыз, ошону туура түшүндүрүшүбүз керек. Биринчи орунда психологиялык жагына эмес, тарбия жагына көңүл бурушубуз зарыл. Психологиялык жактан балага ойлонгонго, оюн жеткирип сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бул нерседе ата-эненин орду чоң болгон үчүн, адистер биринчи баланын ата-энеси менен иштешет.

-Ата-энелер балдарын психологиялык абалын жөнгө салуу үчүн, мындан ары эмнелерди кылуу керек?

Биринчи учурда бала өзүн коопсуз сезиши керек. Бул үчүн ата-энелер балдарынын жанында көбүрөөк болуп, камкордугун ой аркылуу эмес, сезими аркылуу сездириши абзел. Балдар эмне болуп жатканын, эмнени талашып жатканын, кантип согуш башталганын түшүнүшпөйт. Аларда болгон чочулоо, түн ичинде ойгонуп алуу, балдарды ыйлаак кылып коюшу мүмкүн. Бул учурда ата-эне баланы жакшы түшүнүп, колдоо көрсөтүшү зарыл. Алар менен чогуу уктап, тез-тез кучактап, жакшы сөздөрүн айтып турушу керек. Бала ошол эмоциялар аркылуу коопсуз экенин түшүнүп баштайт. Ошол жерде врачтар диагноз коюп, жарым жылга чейин нормалдуу көрүнүш болорун айтышты. Ал эми жарым жылдан кийин да бул нерсе кайталана берсе, анда ооруга айланып кетиши мүмкүн. Балдар мектепке баргысы келбей, үйдөн чыккысы келбей калат.

-Тургунбай мырза, сиз Баткендеги балдар менен тыгыз иштешип, аларга иш-чараларды уюштурдуңуз. Ушул боюнча айта кетсеңиз?

-Бул балдардын психологиялык абалы жөнүндө бир нерсе деп айта албаймын. Себеби ал жагынан адис эмесмин. Бирок алар менен сүйлөшө келгенде ушунчалык зээниңди кейитет. Алардын билимге болгон, китепке болгон ынтызаарлыгы ушунчалык күчтүү. Ушул жерге барып китеп окусак болобу, билим алсак болобу деген сөздөрдү айтып жатышты. Азыркы учурда айрым ата-энелер балдарын алып, үйлөрүнө барышты. Бирок дагы деле тынчтык жок, өтө катуу коркуп калган үчүн, качан кайсы тараптан  душман кол салат деген ой дагы деле тынчсыздантып жаткан учуру. Буларга мындан ары жашап кетүүсүнө мотивация жок, жөн гана өлбөстүктүн күнүн көрүп, бардык нерсеге кайдыгер мамиле жасап, бир буюмду кармайбыз эмнеге кармаганыбыз эсибизден чыгып калат деген сөздөрдү айтышууда. Мисалы, бир нерсени курсаң, бир нерсени жаратсаң же өстүрсөң кайра эле талкалап салышат деген, чоң психологиялык кризиске кабылып калышкан. Алардын арасында көчүп кеткендер болуп жатат. «Болду кайра барбайбыз. Ал жерде тынчтык болбойт», деп үмүтүн үзгөндөр болуп жатат. Азыркы учурда мамлекеттин эң чон көйгөйү ушул. Ошол элге кантип ишеним бере алабыз, кантип жардам берип, татыктуу коргоп, кечээки күнкү апааттан кантип коргой алабыз деген суроонун үстүнөн ойлонушубуз керек. Тилекке каршы бул процесс бир заматтын ичинде болуп кетпейт. Бирок эң биринчи кыла турган нерсе, чек арага жакын жердеги элдердин копчүлүгү ар кайсы жерде жүрөт. Мына ошолордун балдарынын билим алуусуна канча каражат кетет, ошол сумманы мамлекет эсептеп чыгып колдоруна карматыш керек. Каалаган мектебинде балдарына билим беришсин. Азыркы учурда чек арада турган балдардын саны канча, кайсы жерде жүргөнүн тактап алуу кыйын эмес. Ошол балага бир жылда канча акча коротулат болчу, ошону эсептеп ата-энелерге берсе жакшы болот эле. Мамлекеттик мектептерге кабыл алууга мүмкүнчүлүк жок болсо, жеке менчик мектептерге жайгаштырып, ошолордун билим алуу укугун чечип берсе жакшы болмок.

-Сиз жогоруда белгилегендей балдар психологиялык жактан бир топ жабыркашты. Аларга жардамды улантуу жагы кандай болот?

Балдардын келечегине өтө катуу терс таасир этет. Эгер ушул бойдон таштап койсок. Биринчиден, келечекке болгон, мамлекетке болгон үмүтсүздүгү алсыз болгон муун чыгып калышы мүмкүн. Бүгүн байкалбайт бул нерсе  жыйынтыгын 15-20 жылдан кийин көрүп баштайбыз. Ошол үчүн азыркы учурда булар ээ чыгып, мүмкүн болушунча жарандык коом болобу, мамлекеттик болобу, коомдук уюмдар баары биргеликте колдоо көрсөтүшүбүз керек.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM