Connect with us

Кемпир-Абад боюнча Өзгөндөгү жабык жыйынга депутаттар катышууда

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 1419 | 0

Бүгүн, 4-октябрда президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барды. Аны менен кошо башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барган. Мындан тышкары президенттин Өзгөн эли менен боло турган жыйынына катышуучу депутаттардын тизмесинде Адахан Мадумаров, Улукбек Ормонов жана №12 Өзгөн округунан депутат болуп шайланган Элмурза Сатыбалдиевдер болгон.

Учурда Өзгөн райондук администрациясынын жыйындар залында президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттардын катышуусунда жабык жыйын өтүүдө.

Жыйынга келген эл толугу менен киргизилген эмес. Жергиликтүү тургундардын айтымында, чогулушка кирген адамдар мурдатан даярдалган болушу мүмкүн. 

Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышууда. Мындай митинг өткөн жылы да өткөрүлүп, анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев элдин талабы аткарыла турганын билдирген.

Өзгөн эли Кемпир-Абад боюнча жыйынды ачык өткөрүүнү талап кылышууда

Copyright © 2017 Maral FM