Connect with us

Өзгөн эли Кемпир-Абад боюнча жыйынды ачык өткөрүүнү талап кылышууда

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 1746 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Өзгөн райондук администрациянын алдында чогулуп турган эл президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди эл алдына чыгуусун талап кылышууда. Өлкө жетекчилери акимиаттын жыйындар залына кирип, жабык жыйын өткөрүшүүдө. Жыйынга келген эл толугу менен киргизилген эмес. Жергиликтүү тургундардын айтымында, чогулушка кирген адамдар мурдатан даярдалган болушу мүмкүн. 

Ошондой эле жыйынга кирүүчү жарандардын телефондорун өчүрүп кирүүлөрүн талап кылышкан.

Бүгүн эртең менен Өзгөн шаарына президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барган. Элдин чогулушту сырттан өткөрүү талабына карабай, бийлик өкүлдөрү акимиаттын жыйындар залына кирип кетишкен. Учурда жыйын жабык уланууда.

Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышууда. Мындай митинг өткөн жылы да өткөрүлүп, анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев элдин талабы аткарыла турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM