Connect with us

Азамат Жаманкулов маданият министри кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 1833 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун мындай жарлык чыгарышына Азамат Жаманкуловдун иштен бошотуу тууралуу берген арызы себеп болгону айтылат маалыматта.

Азамат Жаманкулов аталган кызматка 2021-жылдын октябрь айында келген. Жаманкулов Маданият министрлигин буга чейин 2018-жылы жетектеген. Ага чейин Туризм департаментин башкарган.

Copyright © 2017 Maral FM