Түркияда төрт күндөн бери «Манас» айтылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Манасчы Рысбай Исаков 113 сааттан бери күнү-түнү «Манас» айтып жатат. Манасчы чарчап, уйкусу келген жагдайлар болгон. Анын уктап кеткен абалдары коомчулукта кызуу талкууга кабылган.
21-сентябрда Түркиянын Бурса шаарында «Манас жумалыгы» башталган. Ага кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы катышууда.
«Манас жумалыгы» 28-сентябрда жыйынтыкталат. Иш-чара жергиликтүү бийлик, ТҮРКСОЙ уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиликтин демилгеси менен уюштурулган.
Бурса шаары «Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы маданий борбору» деп жарыяланган.