Марал Радиосу

Түркияда төрт күндөн бери «Манас» айтылууда

Түркияда төрт күндөн бери «Манас» айтылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Манасчы Рысбай Исаков 113 сааттан бери күнү-түнү «Манас» айтып жатат.  Манасчы чарчап, уйкусу келген жагдайлар болгон. Анын уктап кеткен абалдары коомчулукта кызуу талкууга кабылган.

21-сентябрда Түркиянын Бурса шаарында «Манас жумалыгы» башталган. Ага кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы катышууда.

«Манас жумалыгы» 28-сентябрда жыйынтыкталат. Иш-чара жергиликтүү бийлик, ТҮРКСОЙ уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиликтин демилгеси менен уюштурулган.

Бурса шаары «Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы маданий борбору» деп жарыяланган.

Exit mobile version