Connect with us

«Талас» соода комплекси Талас мэриясынын менчигине өткөрүлдү

Кыска кабар | 28 Сен 2022 | 226 | 0

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Талас» соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасы жана жер тилкеси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди.

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында кабыл алынган.

Буга катар өткөрүлүп берилген ишкананын мүлктүк комплексин, анын ичинде анын бөлүгүн андан ары ажыратууга тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM