Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Талас» соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасы жана жер тилкеси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди.
Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Аталган чечим «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында кабыл алынган.
Буга катар өткөрүлүп берилген ишкананын мүлктүк комплексин, анын ичинде анын бөлүгүн андан ары ажыратууга тыюу салынган.