Connect with us

«Чек ара боюнча БУУ, ЕККУ, ЖККУнун ортомчулугуна да даярбыз»

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 1274 | 0

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-жыйынында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу дүйнөлүк коомчулукка айтып берди.

Анда ал Кыргызстан чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө кызыктар экенин, бирок тажик тараптын соңку аракети буга ишенимди азайтканын белгиледи.

«Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз.

Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа Кызматташтык жана Коопсуздук Уюму, Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз» — деп кошумчалады.

Ошондой эле, Кыргызстанда тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар экендигин да айтып өттү.

Президенттин БУУнун Ассамблеясындагы сүйлөгөн сөзү (толугу менен)

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM