Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Тажикстандын куралдуу кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 19 Сен 2022 | 724 | 0

Тажикстандын кол салуусунан орун алган окуя боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусу боюнча ички иштер органдарынын жана ага кошумча берилген күч түзүмдөрүнүн коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын, Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган турак жайларды, мамлекеттик имараттарды, соода-сатык түйүндөрүн толугу менен карап чыгуу жана анын чыгымдарын аныктоо боюнча түзүлгөн тергөө топторунун ишин толугу менен көзөмөлдөөдө.

«Тажикстандын кол салуусу боюнча ар тараптуу, кылдат текшерүү иштерин алып баруу максатында, Баткен облусунун аймагында ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлүп, иш башталды. Тергөө тобунун курамы ИИМдин, Башкы прокуратуранын, аскер прокуратурасынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, иштеп жатышат. Түзүлгөн топ жабыркаган айылдарда кароо иштерин жүргүзө баштады. Бүгүнкү күнгө карата тергөө топтору тарабынан ок атышуу учурунда жабыркаган турак үйлөрдү жана соода-сатык түйүндөрүнө, он беш объектиге кароо иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдарды аныктоо иш-чаралары башталды», — деди Октябрь Урмамбетов.

Мындан сырткары Баткен жана Лейлек райондорунда жабыркаган айылдарда жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери да жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM