Connect with us

Мамлекет токой чарбаларынын аймагын ижарага бере баштады

Коом | 14 Сен 2022 | 743 | 0

Быйыл Кыргызстандын токой чарбасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражат эки эсе көбөйгөнүн Токой чарба кызматынан билдиришти. Каражат «Жашыл мурас» улуттук долбоорунун алкагында бөлүнгөн. Буга чейин токойду өнүктүрүүгө жылына 70-80 млн сомдун тегерегинде бөлүнүп келген. Эми жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда. Мындан сырткары өлкөдө токойлорду мыйзамсыз кыюу үчүн жылына 9-10 миллион сомго чейин айып пул салынат. 

Президент Садыр Жапаров быйыл Тоолорду туруктуу өнүктүрүү Эл аралык жылы, Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында Кыргызстан боюнча «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн баштаган. Буга байланыштуу өлкөнү жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

«Жашыл мурас» улуттук долбоорунун алкагында мамлекеттик токой фондунун аймагына 1 миңден ашык гектар жерге экме токой отургузулду.

Мамлекеттик токой фондусунан тышкаркы аймакта 60 гектар аянтка көчөт отургузулду. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө «Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорунун алкагында, 160 миңден ашык даана жемиш бактарынын көчөттөрү бөлүнүп берилди.

Ошол эле учурда токойлорду мыйзамсыз кыйгандар да азая элек. Токой кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Ырсалиев токойлорду мыйзамсыз кыйгандарга карата жаза күчөтүлөрүн, учурда эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Кыргызстанда токойлорду мыйзамсыз кыюу үчүн жылына 9-10 миллион сомго чейин айып пул салынат. Өлкөдө токойлорду мыйзамсыз кыюу фактылары бар. Бул мамлекеттин токойлору көп учурларда калктуу конуштарга жакын өскөндүгүнө жана 2 млндон ашык айыл тургундарынын токойлуу аймактарда жашашына жана алардын социалдык өнүгүүсү негизинен токой ресурстарына көз каранды болгондугуна байланыштуу. Буга байланыштуу токойлорго жакын жашаган калктын социалдык турмуш деңгээлин жогорулатуу жана аларды биргелешип токой башкарууга тартуу, ошондой эле мыйзамсыз бак кыюу фактыларына каршы күрөшүү боюнча дагы 21 миңден ашык токой пайдалануучулар мамлекеттик токой фондусунун 339 миң гектардан ашык жерлерин пайдаланууга берилди».

1966-жылдан баштап 2020-жылга чейин токойлорунун аянты 3 пайызга өскөн. Ал эми быйыл 6 пайызды түздү.

Токойлорду өнүктүрүү максатында, токой чарба аянттарын жергиликтүү эл менен биргеликте башкаруу ыкмасы да киргизилген.

Мекеменин өкүлү Майрамбек Алиев токойлорду жергиликтүү калкка ижарага берүүнүн себебин түшүндүрдү.

«Ар бир жашоочуга токойду пайдаланууга ижарага бөлүп бердик. Бул менен токой биздин менчигибиз деген сезимдерин ойготуу максатын көздөп жатабыз. Алар ал жердин мөмөсүн алат, чөбүн алып иштетишет жана башка пайдаларын көрүшөт. Өзүнүн токойлорго, жаратылышка болгон мамилеси өзгөрөт. Элди айлана-чөйрөнү жакшыртууга катышып, аяр мамиле кылуусуна үндөп жатабыз. Бул ыкма токойлорду сактоого түрткү болот деген ойдо элге башкарууга берип жатабыз».

Токой чарбасы боюнча адис Туратбек Мусуралиев токойлордун жеке менчикке ижарага берилгенин туура деп эсептейт. Ошондой эле ал токойлорду сактап калуунун жолдорун да сунуштады.

«Кыргызстандын токойлорунун өзгөчөлүктөрү бар. Жалпы токойлорду сактап калууга мүмкүнчүлүктөр көп. Азыркы күндө баары менчикке өтүп кетти. Ар бир токойдун өз ээси бар. Биз атайын жеке менчикке берип жатабыз. Ким карап берем, иштейм дегендерге беребиз. Алар түшүмүн алып жатышат. Сугарып да жатышат. Тазалап, карап жатышат. Ээсин тапкандан кийин жаратылыш байлыгы эч качан жоголбойт».

Учурда Токой чарба кызматы токой тармагын өнүктүрүүнүн бардык багыттары боюнча GIZ, Дүйнөлүк банк, БУУ, JICA жана башка ушул сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташып жатат.

Мамлекеттин токой чарбалары тарабынан жыл сайын 12 тоннадан ашык токой үрөөнү жыйналат. Токойду калыбына келтирүү иштерин камсыз кылуу максатында жыл сайын 15 млндон ашык көчөт даярдалат жана аталган иштер үчүн токой породасынын 40тан ашык түрүн өстүрүшөт.

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жыл сайын 1 миң 200 гектардан ашык аянтка экме токойлорду отургузуу боюнча токой чарба иштери жүргүзүлөт.

 

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM