Ош шаарында социалдык жардамдын алкагында «Социалдык келишим» долбоорунун катышуучуларына 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Аны тапшырууга Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева катышып, социалдык жактан аялуу жана муктаж үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп жатканын белгилешти.
Жалпысынан 50 үй-бүлөгө сертификаттар тапшырылды. Бул акчалар үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн финансылык көз карандысыздыкка жетишүүсүнө көмөк көрсөтүп, жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүүнү көздөйт.
Долбоор 3 жылга эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы керек.