Биз менен байланышыңыз

Малиев: Кабак айылында балдар дүкөндө окуп жатышат

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 257 | 0

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кабак айылында мектептин курулушу бүтпөгөндүктөн, балдар мурунку дүкөндүн имаратында окуп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Арсланбек Малиев билдирди.

Анын айтымында, ошол айылдагы дүкөндү класстарга бөлүп, балдарды окутушууда. Мектеп төрт жылдан бери курулуп бүтө элек.

Мындан сырткары депутат Кара-Талаа айылында 1932-жылы курулган мектептин абалы оор экендигин белгилеп, бул боюнча Өкмөткө кайрылганы менен тыянак чыкпаганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM