Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +24…+29,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32 градус болот.