Биз менен байланышыңыз

Пенсиялык топтомдорду мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оорулардын тизмеси

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 208 | 0

Пенсиялык топтомдорду мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегин Социалдык фондун басма сөз кызматы жарыялады.

Аларга төмөнкүлөр кирет:

1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.

2. Кан оорусу:

  •  курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
  • апластикалык аз кандуулук;
  • гемофилия.

3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

  • кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
  • жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
  • жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
  • операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
  • облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM