Пенсиялык топтомдорду мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегин Социалдык фондун басма сөз кызматы жарыялады.
Аларга төмөнкүлөр кирет:
1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.
2. Кан оорусу:
- курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
- апластикалык аз кандуулук;
- гемофилия.
3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:
- кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
- жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
- жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
- операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
- облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.